Полиция кызматкерлерине кол салуу болду
Кол салуудан 7 полиция кызматкеринин көз жумгандыгы билдирилди.
1584451
Ооганстандын түндүгүндөгү Фаряб облусунун Алмар районунда бомбалуу кол салуудан 7 полиция кызматкери каза болду.
Фаряб полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Абдул Керим Юриш, Алмардын борборундагы жолдун четине коюлган бомбанын полиция унаасы аймактан өтүп бара жатканда жарылгандыгын кабарлады.
Юриш, кол салуудан 7 полиция кызматкеринин көз жумгандыгын билдирди.
Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.