ЕБ салык жаатындагы кара тизмесине Түркияны кошкон жок
Португалиянын финансы министри Жоао Леао, ЕБке мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлеринин видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Европа Биримдиги (ЕБ) салык жаатында кызматташпаган өлкөлөрдү камтыган кара тизмесине Түркияны кошпоону чечти.
Европа Биримдигинин кезектешкен төрагасы Португалиянын финансы министри Жоао Леао, ЕБке мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлеринин видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Европа Биримдигинин салык жаатында кызматташпаган өлкөлөрдү камтыган кара тизмесинин жаңыланганын айткан Леао, бул тизмеге Түркияны кошпоо чечими кабыл алынгандыгын айтты.
Leao: «Түркия тизмеге кирген жок. Биз Түркия менен салык жаатында кызматташтыкта ийгиликтерге жетишкенибиз үчүн тизмеге кошулган жок»,- деди.
Евробиримдиктин былтыр октябрда жаңыланган салык жаатында кызматташтык кылбаган өлкөлөрдүн тизмесине Америка Самоасы, Ангилья, Барбадос, Фижи, Гуам, Палау, Панама, Самоа, Тринидад жана Тобаго, АКШнын Виргин аралдары, Вануату жана Сейшел аралдары киргизилген.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.