БУУ Сомалиге жардам берүүгө чакырды

БУУ бул жылы 5,9 миллион сомалиликке жардам жеткирүү үчүн 1 миллиард доллар керектигин жарыялады.

1584565
БУУ Сомалиге жардам берүүгө чакырды

БУУ бул жылы 5,9 миллион сомалиликке жардам жеткирүү үчүн 1 миллиард доллар керектигин жарыялады.

БУУнун  гуманитардык жардамдар боюнча координация кеңсесинен берилген маалыматта сел апааты, чегиртке, кургакчылык жана коронавирус эпидемиясы сыяктуу себептерден өлкөдөгү 2,7 миллион кишинин ачкачылык коркунучу менен бетме  - бет экендиги белгиленди.

2,6 миллион сомалиликтин табигый апааттар жана кагылышуулардан улам  жерлеринен кеткендиги билдирилип, жалпы 5,9 миллион кишинин бул жылы гуманитардык жардамга муктаж экендиги маалымдалды.

Билдирүүдө  Сомалиланд, Пунтланд, Галмудуг жана Жубаланд штаттарында олуттуу суу тартыштыгынын бар экендиги, гуманитардык жардам үчүн быйыл эл аралык өнөктөштөрдөн болжол менен 1 миллиард доллар талап кылынары белгиленди.

БУУ жана өнөктөштөрү өткөн жылы өлкөдө 820 миллион долларлык гумантардык жардам берген. 

 



Тектеш кабарлар