Гвинеяда эбола эпидемиясы

Гвинеянын саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн түштүк батышындагы Гуеке шаарында эбола эдидемиясынын башталгандыгын билдирди.

1583686
Гвинеяда эбола эпидемиясы

Гвинеянын саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн түштүк батышындагы Гуеке шаарында эбола эдидемиясынын башталгандыгын билдирди. Өлөкдө 2016 -  жылдан бери биринчи жолу эбола эпидемиясынан улам 4 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Гвинея премьер – министрлик кеңсесинен берилген маалыматта : «Бул абалга көңүл бурулганда жана саламаттыкты сактоонун эл аралык эрежелерине ылайык Гвинея өкмөтү, Гуеке жана Нзерекоре шаарларында эбола вирусу жол ачкан эпидемияны жарыялайт", - деп билдирди.

Эбола менен шектенгендердин баарын карантинге алуу жана тийиштүү комиссиянын координация жана техникалык иштерин активдештирүү сунуш кылынып Гуекеде байтаптар менен алектене турган бир борбордун ачылары жана ДСУнун жардамы менен вакцина алуунун ылдамдатылары маалымдалды.

Батыш Африка аймагында 2013 – 2016 -  жылдары Гвинеянын эң чоң экинчи шаары Нзерекореде башталган эбола эпидемиясынан улам Гвинея, Либерия жана Сиерра Леонеде кеминде 11 300 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар