Украина космоско спутник учуруу үчүн SpaceX менен сүйлөшүүдө
Олег Уруский маалымат берди.
1582867
![Украина космоско спутник учуруу үчүн SpaceX менен сүйлөшүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a0cd/2c34/7672/5ffec819686b8.jpg?time=1718852673)
Украинанын вице-премьер-министри жана стратегиялык өнөр жай министри Олег Уруский, декабрь айында космоско Украинада өндүрүлгөн спутниктерди жөнөтүү үчүн Илон Масктын SpaceX компаниясы менен сүйлөшкөндөрүн билдирди.
Уруский украин телекөрсөтүүсүнө берген билдирүүсүндө, Днепр шаарындагы спутник иштерине иликтөө жүргүзгөнүн айтты.
Спутниктин дээрлик даяр экендигин жана акыркы сыноолордон өтүшү керектигин айткан Уруский, спутникти декабрь айында жөнөтүү үчүн SpaceX менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгын билдирди.
Уруский теманын маанилүүлүгүнө көңүл буруп, өлкөсүнүн акыркы жолу 10 жыл мурун спутник жөнөткөнүн эске салды.