Мексикада адамдардын сөөгү салынган 18 баштык табылды

Сөөктөрдүн канча адамга таандык экендигин аныктоо үчүн соттук өлүкканага жөнөтүлгөндүгү кабарланды.

1582946
Мексикада адамдардын сөөгү салынган 18 баштык табылды

Мексиканын Халиско аймагында адамдардын сөөгү салынган 18 баштык табылды.

Баштыктар өлкөдөгү зомбулук эң көп катталган аймактардын бири Халиского караштуу Запопан шаарында табылды.

Аймактын прокуратурасынын билдирүүсүндө, тергөө иштеринин натыйжасында табылган сөөктөрдүн канча адамга таандык экендигин аныктоо үчүн соттук өлүкканага жөнөтүлгөндүгү кабарланды.

Адам укуктары боюнча кеңешчи Алехандро Энцинас, 2006-2021-жылдардын аралыгында Мексикада 82 миңден ашуун адамдын дайынсыз жоголгонун билдирди.

Мексикада 2006-жылы картелдерге каршы ачылган согуштан улам келип чыккан зордук-зомбулуктун айынан ушул кезге чейин 300 миңден ашуун адам көз жумду.  

340 миңден ашуун мексикалыктар жер которгон процессте болжол менен 40 миң адам да дайынсыз жоголгон.



Тектеш кабарлар