Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун жалпы саны  155 593кө,  бейтап саны 10 миллион 893 миң 75ке жетти.

1582806
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  2 миллион 396 50дөн ашты. Бейтап саны 108 миллион 815 000ден, айыккандардын саны 80 миллион 842 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан каза болгондордун саны 155 593кө, вирус жугузгандардын саны 10 миллион 893 миң 75ке жетти.

Россияда эпидемиядан улам 79 696 киши каза болду. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны да 4 миллион 57 000ге жогорулады.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 74кө артып 58 883кө жогорулады. Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Сима Садат Лари вирустан улам бейтап саны 1  миллион 510 873кө жогорулагандыгын билдирди. Президент Хасан Рухани : «Бүгүн Хузистандагы кээ бир райондор кызыл категорияга кирди. Өлкөдөгү кээ бир райондор болсо сарыдан казгымтыл сары категорияга айланды. Булардын баары эпидемиянын төртүнчү толкунунун башталышы деген мааниге келүүдө»,- деди. Рухани 21 -  мартта баштала турган Нооруз майрамында өлкөнүн кыйын бир процессти жашабашы үчүн элди көрүлгөн чараларга баш ийүүгө чакырды.

Японияда Ковид  - 19га каршы 10 аймактагы өзгөчө кырдаалды эрте жоюу чечиминин келерки жумага калтырылгандыгы билдирилди. Жалпы өлкөдө бейтап саны жетерлик деңгээлге түшпөгөндүгү, өзгөчө кырдаал киргизилген 10 аймакта ооруканада орундуктардын жетишсиз болуп жаткандыгы белгиленди. Японияда вируска байланыштуу каза болгондордун саны 6 880ге, бейтап саны да 413 932ге жетти.

Эпидемиядан 4 636 киши каза болгон Кытайда жаңы жылдык эс алуу башталганына карабастан коронавирустан улам «Үйдө бол» чакыруулары поезд менен чыгылган саякаттарды 68, 8 пайызга төмөндөттү.

17 киши каза болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасында акыркы 24 саатта 40 жаңы учур катталып, бейтап саны 3007ге жетти. Бир тараптан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, премьер  - министр Эрсан Санер жана саламаттык сактоо министри Али Пилли Ковид  - 19  вакцинасынын экинчи дозаларын алышты.



Тектеш кабарлар