Ангела Меркель : "Расистик менен жек көрүү бир уу сыяктуу"

Канцлер расистик кол салуунун немис коомунда тынчтык ичинде жанаша жашоо жана шайкештик үчүн бурулуш жери экендигин баса белгиледи.

1582883
Ангела Меркель : "Расистик менен жек көрүү бир уу сыяктуу"

 Германиянын канцлери Ангела Меркель расистик менен жек көрүүнүн бир уу  экендигин айтты.

Меркель 2020 -  жылы 19 -  февралда Ханау шаарында болгон расистик кол салууда каза болгондорду эскерүү үчүн  видео кайрылуу жасады. Меркель расисттик жек көрүүдөн чыккан бул коркунучтуу кол салууда каза болгондорду эскергендигин белгилеп : «Расистик бир уу, жек көрүү да бир уу»,- деди.

Канцлер расистик кол салуунун немис коомунда тынчтык ичинде жанаша жашоо жана шайкештик үчүн бурулуш жери экендигин баса белгиледи.

Өткөн жылы Ханауда болгон эскерүү иш – чарасын жана үй  - бүлөлөр менен өткөргөн жолугушууну унутпай тургандгын белгилеген Меркель : «Бул өлкөдө жашаган биз дайыма бирдикте расистикке жана жек көрүүгө каршы турабыз»,- деди.

Канцлер Ханаудагы кылмыштардын Галледеги еврей синагогасына кол салуу жана Касселдин губернатору Вальтер Любкенин өлтүрүлүшү сыяктуу расистик зомбулук кыймылдарынын ашыкча оңчулдардын эмнелерди кыла аларын коркунучтуу түрдө көрсөткөндүгүн белгилеп, өкмөттүн бул кыйратуучу идеологияны түп тамырынан жок кылуу үчүн колунан келген бардык нерсени аткаргандыгын айтты.

Германиянын 2020-жылдын 19-февралына караган түнү Ханау шаарындагы эки кафеге жасалган террордук кол салууда, 9 адам каза болуп, алардын ичинен төртөөсү түрк болгон.  

Атайын операция тобу уюштурган операцияда кол салууну ишке ашырган 43 жаштагы расисттик террорист Тобиас Ратджен жана анын 72 жаштагы энесинин өз үйүндө жансыз денеси менен табылды.



Тектеш кабарлар