Аман - 2021 машыгуусу башталды

Пакистанда НАТО өлкөлөрү Россия жана Кытайдын катышуусу менен көп улуттуу деңиз машыгуусу AMAN-2021 Оман деңизинде башталды.

1582487
Аман  - 2021  машыгуусу башталды

Пакистанда НАТО өлкөлөрү Россия жана Кытайдын катышуусу менен көп улуттуу деңиз машыгуусу AMAN-2021 Оман деңизинде башталды.

Пакистандын жетекчилигинде башталган жана араларында АКШ, Кытай, Россия жана Түркия болгон 45 өлкөнүн деңиз флотуна караштуу бөлүктөр орун алган машыгуунун бир жумага созулары күтүлүүдө.

Пакистан деңиз флоту "Тынчтык үчүн биргебиз" деген ураан менен уюштурулган машыгуунун деңиз коопсуздугуна жана туруктуулукка коркунуч туудурган "каракчылык, терроризм жана башка кылмыштарга каршы күрөштө эл аралык кызматташтыкты жайылтууга" багытталгандыгын жарыялады.

Пакистан деңиз флотунун командири контр-адмирал Навид Ашраф машыгуунун башталышындагы салтанатта сүйлөгөн сөзүндө, машыгуунун деңиз коопсуздугун түзүүгө салым кошорун айтты.

Түркиянын башкы консулу Толга Учак да берген маалыматында Анкаранын 2007 -  жылдан бери бул машыгууга катышкандыгын белгилеп, Түркия менен Пакистандын тынчтык үчүн дайыма бирдикте болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар