Мароккодо Түркия менен эркин соода келишиминдеги өзгөртүүлөр бекитилди

Өзгөртүүлөрдүн ишке кириши үчүн расмий гезитте жарыялангандан мурда добушка коюлушу үчүн парламенттин астыңкы канаты Кеңешүү жыйынына жиберилиши керек.

1580827
Мароккодо Түркия менен эркин соода келишиминдеги өзгөртүүлөр бекитилди

Марокко парламенти Түркия менен түзүлгөн эркин соода келишимине киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти.

Парламенттен берилген маалымата араларында Түркия менен түзүлгөн эркин соода келишимине киргизилген өзгөртүүлөр жана бир топ эл аралык келишимдин бекитилгендиги белгиленди. Маалыматта  өзгөртүүнүн Түркиядан кээ бир өнөр жай продукцияларына 5 жылдык мөөнөт менен бажы салыгын киргизүү мүмкүнчүлүгүн бергендиги, 5 жыл аягына чыккандан мурда эки өлкө комиссиясынын жолугушуп абалды карап чыгары билдирилди.

Өзгөртүүлөрдүн ишке кириши үчүн расмий гезитте жарыялангандан мурда добушка коюлушу үчүн парламенттин астыңкы канаты Кеңешүү жыйынына жиберилиши керек.

Эки өлкө 24 -  августта түзүлгөн келишим боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу келишкен. Марокконун Түркиядан импорту 2019-жылы өткөн бир жылга салыштырмалуу 18 пайыздык өсүү менен  2,3 миллиард долларга жетти.

Ошол эле мезгилде Мароккодон Түркияга жасалган экспорт 700 миң долларга жеткен.



Тектеш кабарлар