Индонезиядагы табигый кырсыктардын кесепети

Табигый кырсыктар жылдын башынан бери 213 адамдын өмүрүн алды.

1580633
Индонезиядагы табигый кырсыктардын кесепети

Индонезияда жылдын башынан бери 213 адам табигый кырсыктардан көз жумду.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-январдан 9-февралга чейин өлкө боюнча катуу шамал, сел, жер көчкү жана жер титирөө сыяктуу 386 табигый кырсыктын катталгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, болжол менен 2 миллион адамга терс таасирин тийгизген табигый кырсыктардан 213 кишинин каза болгондугу жана 12 миң 60 кишинин жаракат алгандыгы кабарланды.

Экватордун зонасында муссон жамгырларынан жабыркаган бул өлкө жер титирөө жана вулкандык аймакта жайгашкан.

Индонезия дүйнөдө жаратылыш кырсыктарынан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар