COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1580760
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid19 ispanya.jpg
Covid süper
Covid-19.jpeg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 351 миң 195 миңден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 107 миллион 411 миңге, ал эми айыккандардын саны 79 миллион 338 миңге жетти.

Пандемиянын чордону АКШда вирустан каза болгондордун саны 479 миң 772ден, ооруга чалдыккандардын саны 27 миллион 799 миңден ашты.

Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта 1350 адамдын өлүмү менен каза болгондордун саны 233 миң 520га жетти. Өлкөдө 51 миң 486 жаңы учур аныкталып илдетке чалдыккандардын саны 9 миллион 599 миң 565ке жогорулады.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде бир миң 701 адам каза болуп, 10 миң 738 жаңы учур аныкталды. Өлкөдө Ковид-19дан улам адамдардын өлүмү 168 миң 432, ал эми жуктуруп алгандардын саны 1 млн 946ны түздү.

Улуу Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан бир миң 52 адам көз жумуп, 12 миң 364 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 113 миң 850гө, ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 972 миң 148ге жетти.

Италияда эпидемиядан улам акыркы 24 саатта 422 адамдын каза болушу менен жалпы сан 92 миң 2ге жогорулады. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 10 миң 630га көбөйүп, 2 миллион 655 миң 319га жетти.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан 508 адам каза болуп адамдардын өлүмү 80 миң 147ни түздү. Бир күндө 18 миң 870 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 360 миң 235ке жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутканын ичинде 766 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 63 миң 61ге жогорулады. Ушул эле мезгилде 16 миң 402 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 5 миң 487ге көбөйдү.

Эпидемиянын айынан акыркы 24 саатта 1 миң 526 адам көз жумуп жалпы сан 6 миң 17ге жеткен, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 166 миңден ашкан Грецияда вирус тез жайылып жаткан борбор шаар Афина жана Пирея менен бирге Аттаки аймагында 11-28-февралда катуу чаралар көрүлөт.

Аргентинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта 168 адамдын өлүмү менен Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 49 миң 556га, ал эми 7 миң 794 кишиде вирус аныкталышы менен ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 993 миң 295ке жетти.

Колумбиянын Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, акыркы сутка ичинде 217 адам көз жумуп, каза болгондордун саны 56 миң 507ге жогорулады. Акыркы сутка ичинде 5 миң 442 учур аныкталган өлкөдө, илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 166 миң 904кө жетти.

Перунун Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде эпидемиянын айынан 159 адам каза болуп, 3193 жаңы учур катталды. Вирустун айынан адам өлүмү 42 миң 626, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 1 миллион 196 миң 778ди түздү. Перуда коронавируска каршы Кытайдын Sinopharm фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан вакцина дарыгерге берилди.

Чилинин Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 саатта 28 адамдын өлүмү менен Ковид-19дан каза тапкандардын саны 19 миң 84кө жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миң 839га көбөйүп 758 миң 189го жогорулады.

Эквадордун Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 73ке көбөйүп 15 миң 86га, ал эми вируска кабылгандардын саны бир миң 176га көбөйүү менен 259 миң 183кө жетти.

Боливиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде 65 адам каза болуп, 1544 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адамдардын өлүмү 10 миң 929, жуктуруп алгандын саны болсо 230 миң 731ди түздү.

Гватемаланын басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Ковид-19дан улам каза болгондордун саны акыркы 24 сааттын ичинде 33кө көбөйүп 5 миң 955ке, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 746га көбөйүп 163 миң 993кө жетти.

Гондураста акыркы 24 саатта вирустан каза болгондордун саны 47ге көбөйүп 3 миң 789га, илдетке кабылгандардын саны 871ге көбөйүп 156 миң 606га жогорулады.



Тектеш кабарлар