Асад режиминин Идлибге жасаган кол салуулары
Сирияда Башар Асад режиминин Идлибге каршы кол салууларында 5 жаран жаракат алды. Алардын ичинен үчөөсүнүн абалы оор.
1580821
Сирияда Башар Асад режиминин Идлибге каршы кол салууларында 5 жаран жаракат алды. Алардын ичинен үчөөсүнүн абалы оор.
Асад режиминин армиясы менен Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган режим күчтөрү Идлибдин түштүгүндө М 4 кургактык жолунун жакындарындагы Ел Бара айылына артиллериялык кол салды. Кол салууда жараланган 5 жаран медициналык борборлорго алып барылды. Жараланган 5 кишинин экөөсү аял, бирөөсү бала.
Асад режиминин күчтөрү күндүн ичинде Идлибдин Жебел Завийе аймагындагы Кеферавид , Сфохин жана Кенсафра айылдарына көп сандаган ракета жана миномет менен кол салды.
Тектеш кабарлар
Словения Палестинаны тааныйт
Словениянын 13-июнга чейин Палестина мамлекетин таануу чечимин чыгарары күтүлүүдө.