Япония Огасавара аралына патрулдук кеме жайгаштырат
Патрулдук кеменин жайгаштырылышы ыктымалдуу коркунучтарга каршы дагы ылдам кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.
Япония түштүгүндөгү Огасавара аралдарына патрулдук кемесин жайгаштырат.
Коомдук телекөрсөтүү NHKнын жээк күзөт булактарына таянып берген кабарына караганда, Огасаваранын айланасындагы улуттук аймактык сууларда Кытай кемелеринин коркунучтуу сапарынан кийин патрулдук кемесин жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Ушуга караганда жээк коопсуздук 180 тонна салмактагы патрулдук кеме «Миказукини» Огасавара аралынын айланасында жайгаштырат.
Кабарда патрулдук кеменин жайгаштырылышы ыктымалдуу коркунучтарга каршы дагы ылдам кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.
Бир тараптан Огасавара аралындагы аймактык сууларына таандык кыймылдарды көзөмөлдөгөн офицерлердин саны 3 эсе көбөйтүлөт.
Жээк коопсуздугу өзгөчө аралдардын айланасындагы Японияга таандык эксклюзивдүү экономикалык аймакта Кытайга таандык бир кеменин изилдөө ишин жүргүзгөндүгүн билдирди.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.