Германияда калың кар жаашы күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди

Үч күндөн бери жаап жаткан кар өзгөчө Түндүк Рен Вестфаля аймагында таасирдүү болууда.

1580305
Германияда калың кар жаашы күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди

Германияда калың кар  жаашы жана  суук күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө. Жалпы өлкөдө 3 күндөн бери жаап жаткан кар өзгөчө Түндүк Рен Вестфаля аймагында таасирдүү болууда.

Аймакта бороон жана жолдордо муздун тоңушунан улам поезд каттамдары жоюлуп, унаалар көптөгөн саат жолдо калды.

Айрыкча, Билефельд жакындарындагы А  2  трассасында карга кирип кеткен фуралар жолду жаап унаалардын көпкө күтүшүнө себеп болду. Жардам топтору унааларында күткөн кишилерге одеало жана ысык тамак  - аш  таркатышты.

Калың кардын жаашы жана тоңдуруучу суук чоң шаарларда да транспорттун жүрүшүнө тоскоол болду.

Көптөгөн шаарларда поезд жана шаар четиндеги каттамдар токтотулган.

Дортмунд аэропортунда учуп-конуу тилкесине кар жаап, муз тоңгонуна байланыштуу каттамдар жоюлду.

Транспорт министри Андреас Шеуер өлкөнүн борбордук жана түндүк бөлүгүндө жашаган жарандарды эртеңкиге чейин мажбур болмоюна  жолго чыкпаш керектиги боюнча эскертти.

Метеорология департаментинин билдирүүсүндө Гамбург, Бавария, Баден-Вюртемберг штаттарында жуманын аягына чейин калың кар жаашы күтүлүп жатканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар