Батыш өлкөлөрүндө COVID-19

Вирус дагы деле жайылууда.

1579992
Батыш өлкөлөрүндө COVID-19
covid test.jpg
covid -19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 336 миң 480ден ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 107 миллион 11 миңге, ал эми айыгып кеткендердин саны 79 миллионго жетти.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) вирустан каза болгондордун саны 476 миң 405тен, ооруга кабылгандардын саны 27 миллион 700 миң 620дан ашты. АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Рон Райт Ковид-19га чалдыккандан кийин каза болгон биринчи конгрессмен болду. Ковид-19дун Британияда пайда болгон В.1.1.7 вариантынын АКШда жайылышынын 35тен 45 пайызга чейин жугуштуу экени кабарланды.

Улуу Британияда акыркы 24 саат ичинде вирустун айынан 333 өлүм жана 14 миң 104 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 112 миң 798, ал эми ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 959 миң 784тү түздү.

Италияда акыркы 24 саатта эпидемиянын кесепетинен көз жумган адамдардын саны 91 миң 580ге жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны болсо 7 миң 970ке көбөйүп 2 миллион 644 миң 707ге жогорулады.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 460 адам каза болуп жалпы сан 79 миң 423тү түздү. Бир күндө 4 миң 317 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 341 миң 365ке жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутка ичинде 303 адамдын каза болушу менен жалпы сан 62295ке жогорулады. Ушул эле мезгилде 19 миң 305 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 989 миң 85ке жетти.

Нидерланд өкмөтү, эпидемиялык чара көрүүлөрдүн алкагында өлкө боюнча 23-январда күчүнө кирген коменданттык сааттын 3-марттын таңына чейин узартылганын жарыялады.

Вирустун айынан каза болгондордун саны 8 миң 32, ооруга чалдыккандардын саны 424 миң 896 деп катталган Австрияда, 26-декабрдан бери катуу карантиндик шарттардан улам жабык турган мектептер, соода борборлору жана чачтарачтар кайрадан кызмат кыла баштады. Өлкө боюнча айрым чектөөлөр алынып салынса, Тирол провинциясында мутацияланган Ковид-19 түрүнүн жайылганына байланыштуу бул аймакка саякаттоого чектөө киргизилди.

Пандемияда 49 миң 398 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын саны бир миллион 985 миң 501ге жеткен Аргентинада коронавирустун мутацияга учуруган түрлөрү кездешти. Эки адамда Amazonas V.1 варианты, ал эми берки эки кишиде Рио-де-Жанейро Р.2 аныкталды.

Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны Бразилияда 232 миң 170, Мексикада 166 миң 731, Колумбияда 56 миң 290, Перуда 40 миң 686, Украинада 23 миң 771, Бельгияда 21 миң 423, Чилиде 19 миң 56, Боливияда 10 миң 864кө жетти.



Тектеш кабарлар