Ак үйдүн катчысы Жен Псаки Иран өзөктүк келишим тууралуу билдирди

АКШда Ак үйдүн катчысы Жен Псаки Ирандын өзөктүк келишим шарттарына кайрадан кайтышы менен өлкөсүнүн да ошол эле кадамга барарын билдирди.

1579969
Ак үйдүн катчысы Жен Псаки Иран өзөктүк келишим тууралуу билдирди

АКШда Ак үйдүн катчысы Жен Псаки  Ирандын өзөктүк келишим шарттарына кайрадан кайтышы менен өлкөсүнүн да ошол эле кадамга барарын билдирди. Псаки күнүмдүк басма сөз брифингинде Жо Байден башкаруусунун Иран тууралуу саясаты жөнүндө билдирди.

Псаки АКШнын  «Иран менен өзөктүк келишимге» бирдиктүү көз караш менен караарын жана бир гана темага байланыштуу бул процесстин токтоп калышын каалабагандарын белгиледи.

Иран башкаруусунун : «Оболу АКШ келишимге кайтып келсин»,- деген чакыруусуна : «Келишимден бизден мурунку башкаруу чыккан. Президент Байдендин өзөктүк келишим тууралуу мамилеси кечээ кандай болгон болсо бүгүн да ошондой. Эгерде Иран Биргелешкен Кенен Масштабдуу Кыймыл Планы келишиминин милдеттерине толугу менен кайтып келе турган болсо АКШ да ошол эле кадамга барат»,- деп жооп берди.

Ак үйдүн катчысы өзөктүк келишим процессине байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн «топтун Иранда экендигин» баса белгиледи.



Тектеш кабарлар