Мьянмада эл өкүлдөрү аскердик хунта башкаруучулугун четке каккан билдирүү жарыялады

Төңкөрүш жетекчилигин кабыл алышпагандыгын баса белгилеген депутаттар, шайлоочуларынын атынан демократия үчүн күрөштү улантарын билдиришти.

1578664
Мьянмада эл өкүлдөрү аскердик хунта башкаруучулугун четке каккан билдирүү жарыялады

Мьянмада болжол менен 300 депутат биргелешкен билдирүү жасап, төңкөрүш менен бийликти басып алган аскердик хунтанын башкаруусун четке какты.

Өлкөнүн басма сөзүндөгү жаңылыктарга караганда, кечээ 300гө жакын депутат Фейсбук социалдык тармагына жайгаштырган видеотасмасы менен элдин жападан жалгыз жана чыныгы өкүлдөрү экендигин билдиришти.

Төңкөрүш жетекчилигин кабыл алышпагандыгын баса белгилеген депутаттар, шайлоочуларынын атынан демократия үчүн күрөштү улантарын билдиришти.

Ал арада Мьянмада 1-февралда бийликти армия басып алгандан кийин төңкөрүшкө каршы нааразычылык акциялары уланууда.

Аскердик хунта нааразычылык акцияларын уюштурбоо үчүн мобилдик интернетти токтотуп, Facebook, Twitter жана Instagram социалдык тармактар ​​сайттарына кирүүнү чектеген.



Тектеш кабарлар