БУУ Батыш Африкада тынчтыкты камсыз кылууда аялдардын ролуна басым жасады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Батыш Африка жана Сахел аймагындагы кагылышуулардын акырына чыгышы жана тынчтыкты камсыз кылууда аялдардын маанисин белгиледи.

1577836

БУУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Батыш Африка жана Сахел аймагындагы аялдардын мамлекеттин саясий жана жогорку деңгээлдеги чөйрөлөрүнө кошулуусу позитивдүү өнүгүү экендиги баса белгиленип, аймактагы кооптуу чөйрөнү жок кылуу аракеттерине аялдарды кошуу керектиги баса белгиленди.

Буркина-Фасо, Кот-д'Ивуар, Гана, Гвинея жана Нигерде өткөрүлгөн шайлоо процесстеринде аялдардын активдүү роль ойногондугу  ыраазычылык менен кабыл алынгандыгын билдирген  БУУнун Коопсуздук Кеңеши чыр-чатактарды токтотууда, тынчтыкты сактоодо жана кагылышуудан кийинки процессти башкарууда аялдардын колдоосунун маанисине көңүл бурду.

Тектеш кабарлар