Блинкен менен Лавров сүйлөшүү өткөрдү

Вашингтон-Москва багытында дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланып жатат.

1577795
Блинкен менен Лавров сүйлөшүү өткөрдү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Россияны оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын камакка алынышына байланыштуу сынга алды.

Вашингтон-Москва багытында дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Өткөн жумада эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүсүнөн кийин бул ирет АКШ менен Россиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен орус кесиптеши Сергей Лавровдун биринчи сүйлөшүүсүндө күн тартибиндеги негизги маселелердин бири өзөктүк кризисти алдын ала турган жаңы Старт келишими болду.

АКШ тарап өзгөчө Кытайдын бул маселедеги коркутуусуна басым жасады.

Блинкен, Россиянын АКШнын жарандарына жана союздаштарына зыян келтире турган аракеттерине каршы чечкиндүү позициясын уланта тургандарын билдирди.

АКШнын билдирүүсүндө "Биз оппозиция лидери Навальный жана камакка алууларга байланыштуу тынчсыздануубузду кайрадан билдирдик" деп айтылды.

Россиянын билдирүүсүндө болсо Блинкенге бул маселе боюнча кеңири маалымат берилгендиги жана Россиянын ички иштерине жана мыйзамдарына урмат-сый көрсөтүлүшү керектиги баса белгиленди.

Эки министрдин ошондой эле Сириянын келечегин, Ливия жана Украина маселелерин талкуулашканы белгиленди.



Тектеш кабарлар