Жакыр өлкөлөргө 337 миллион доза вакцина таратылат

Вакциналарды бөлүштүрүүнүн убактылуу планы жарыяланды.

1577244
Жакыр өлкөлөргө 337 миллион доза вакцина таратылат

Дүйнөлүк вакцина жана эмдөө ассоциациясы (GAVI), Ковид-19 вакциналары менен камсыздоо программасынын (COVAX) алкагында, 2021-жылдын 6 айында жакыр өлкөлөр үчүн кеминде 337 миллион доза Ковид-19 вакцинасы бөлүнгөнүн жарыялады.

COVAX демилгеси- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ), GAVI жана Пандемияга даярдык боюнча инновациялык коалиция (CEPI) тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен демилгенин негизинде 2020-жылдын апрелинде башталган болчу.

Буга чейин 190 өлкө катышкан COVAX аркылуу Ковид-19 вакциналарын дүйнөнүн эң жакыр 92 өлкөсүнө бирдей, тез жана адилеттүү таратууга багытталган.

GAVIнин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, вакциналарды бөлүштүрүүнүн убактылуу планы жарыяланды.

Буга ылайык, Ковид-19 вакцинасынын 337,2 миллион дозасы жакыр өлкөлөргө февраль айынын аягынан тартып таратылышы күтүлүп жатканы айтылды.

Билдирүүдө ушул жылдын ортосуна чейин 145 жакыр өлкөдөгү калктын 3,3 пайызынын эмделиши максатталганы белгиленди.

Планга караганда өлкөлөргө вакциналар калктын санына жараша бөлүнөт.

Индияга 97,2 миллион, Пакистанга 17,2 миллион, Нигерияга 16 миллион, Индонезияга 13,7 миллион, Бангладешке 12,8 миллион, Бразилияга 10,6 миллион, Кенияга 4,2 миллион, Суданга 3,4 миллион, Йеменге 2,3 млн жана Сирияга 1,02 млн доза Ковид-19 вакцинасынын таратылаары айтылды.



Тектеш кабарлар