Рактын эң көп кездешкен түрү

4-февраль Дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнү.

1576970
Рактын эң көп кездешкен түрү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) рактын эң көп кездешкен түрүнүн эмчек рагы экендигин билдирди.

4-февраль Дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнөн улам сөз сүйлөгөн ДСУнун рак оорусу боюнча адиси Андре Илбави: «Эмчек рагы биринчи жолу рактын эң кеңири тараган түрү болду»,-деди.

Илбави акыркы 20 жылдагы рактын эң көп кездешкен түрү болгон өпкө рагы экинчи орунга түшүп, үчүнчү орунду колоректал ичеги рагы (жоон ичегинин рагы) ээлегенин айтты.

Илбави семирүүнүн эмчек рагынын негизги тобокелдик фактору экенине көңүл буруп, рактын берки түрлөрүнүн да себептеринин бири экендигин баса белгиледи.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын улам ракты дарылоонун үзгүлтүккө учураганын айткан Илбави, глобалдык калктын саны көбөйүп, жашоо узактыгы кыскарып, рак оорулары көп кездешкен оору болушу мүмкүн экендиги санаага салганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар