Украина Россия каржылаган телекөрсөтүү каналдарын жапты

Украина Россия тарабынан каржыланган деген негиз менен өлкөдөгү 9 телекөрсөтүү каналынын көрсөтүүлөрүн токтотуу чечимин чыгарды.

1576713
Украина Россия каржылаган телекөрсөтүү каналдарын жапты

Украина Россия  каржылаган деген негиз менен өлкөдөгү 9 телекөрсөтүү каналынын ишин токтотуу чечимин чыгарды.

Украина президенттигинен берилген маалыматта Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Комитетинин Украина Парламентинин мүчөсү Тарас Козакка жана ага таандык телекөрсөтүү каналдарына санкция салуу чечиминин бекитилгендиги белгиленди.

Санкиця боюнча Тарас Козакка таандык 9 телекөрсөтүү каналы 5 жыл ишмердүүлүгүн уланта албайт.

Украинанын президенти В. Зеленский бул тууралуу социалдык медиадан берген маалыматында өлкөсүнүн басма сөз эркиндигин колдогондугун бирок Украинага кол салган өлкө каржылаган чагымчылдыкты колдобогондугун белгиледи.

Зеленскийдин катчысы Юлия Мендел да каналдарды Россиянын каржылагандыгы такталгандыгын жана каналдардын Украинага каршы согушта бир каражат катары колдонулгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар