АКШ «USS Nimitz» кемесин Жакынкы Чыгыштан чыгарып кетти

Журналисттин суроосу боюнча Кирби, бул кеменин ордуна Жакынкы Чыгышка башка кеме жөнөтүүнү пландаштырбагандарын билдирди.

1576309
АКШ «USS Nimitz» кемесин Жакынкы Чыгыштан чыгарып кетти

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) «USS Nimitz» учак ташуучу кемесин Жакынкы Чыгыштан чыгарып кетти.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби өткөргөн маалымат жыйында, Иран менен болгон тирешүүдөн улам Жакынкы Чыгышта болжол менен 9 айдан бери турган "USS Nimitz" кемесинин Инди-Тынч океан күчтөрүнүн (INDO-PACOM) операциялык аймагына жеткирилгенин кабарлады.

Журналисттин суроосу боюнча Кирби, бул кеменин ордуна Жакынкы Чыгышка башка учак ташуучу кеме жөнөтүүнү пландаштырбагандарын билдирди.

Учак ташуучу кеменин Жакынкы Чыгыштан чыгып кетишинин эч кандай стратегиялык себеби жок экендигин жактаган Кирби, кеменин деңизде өтө узак убакыт болгонун жана АКШга кайтып келерин белгиледи.

Аймактан чыгарылып кеткен кеменин ордуна жаңы кеменин жөнөтүлбөгөн болушу, Жо Байдендин администрациясынын Иранга карата чыңалууну басаңдатуу аракети деп сереп салынууда.



Тектеш кабарлар