Медведев Тоолуу Карабах маселесин Түркия менен сүйлөшүүнүн «аймактын чындыгы» экенин белгиледи

Медведев бир топ орус журналисттерине берген маегинде Түркиянын Россиянын коңшусу жана абдан маанилүү өнөктөшү болушу менен катар Азербайжан менен дагы тыгыз мамилесине көңүл бурду.

1575329
Медведев Тоолуу Карабах маселесин Түркия менен сүйлөшүүнүн «аймактын чындыгы» экенин белгиледи

Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Тоолуу Карабах маселесин Түркия менен сүйлөшүүнүн «аймактын чындыгы» экенин белгиледи.

Медведев бир топ орус журналисттерине берген маегинде Түркиянын Россиянын коңшусу жана абдан маанилүү өнөктөшү болушу менен катар Азербайжан менен дагы тыгыз мамилесине көңүл бурду.

Москва жана Анкаранын жемиштүү диалог түзгөнүн белгилеген Медведев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Карабах темасында бир нече жолу сүйлөшкөндүгүн жана Түркия-Россия Биргелешкен байкоо борборун түзүү чечими чыгарылганын белгиледи.

Бул борбор аймактагы жалпы ырааттуулуктун элементи экендигин белгилеген Медведев, «Биз аймагыбыздагы чындыктарды карашыбыз керек. Чындыгында, бүгүнкү күндө бул маселе боюнча Түркиядагы өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек»,деген сөздү колдонгон.



Тектеш кабарлар