Мьянма армиясы бийликти басып алды

Президент Вин Минт менен Мамлекеттик кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри Аун Сан Су Чий кармалып,камалды.

1574776
Мьянма армиясы бийликти басып алды

Мьянма армиясы бийликти басып алганын жана өлкөнү 1 жыл башкарарын жарыялады.

Президент Вин Мьин менен Мамлекеттик кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри Аун Сан Су Чжи кармалып,камалды.

Мьянма армиясынын маалымат каражаттары жасаган билдирүүдө, эртең менен болгон кармоолордон кийин төңкөрүш жөнүндөгү айтымдар тастыкталганы, эми өлкөнүн башкаруусу башкы штабдын төрагасы Мин Аунг Хлаиндин колунда экендиги жарыяланды.

Төңкөрүштөн кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын түшүндүргөн армия, Мьянма бир жыл бою аскердик башкаруу менен башкарыларын билдирди.

Мьянмада аскерий өкүлдөр, бийликтеги Су Чжинин партиясынын жеңиши менен жыйынтыкталган шайлоого бурмалоолор аралашканын айтып чыгышкан.

Талкуулар уланып жатканда Башкы штабдын башчысы мыйзамдар талаптагыдай аткарылбаса, конституция жоюлушу мүмкүн деп жарыялаган.

Бүгүн Мьянма парламенти дагы ачылышы керек болчу.

Мьянмада бийликтеги Улуттук демократиялык биримдик (NLD) партиясынын өкүлү Мио Нюнт, президент Вин Мьин, Су Чжи жана башка партиянын лидерлери таң эрте аскердик рейддин натыйжасында кармалганын жарыялады.

«Элибиз ойлонбостон каршы чыкпоосун жана мыйзамдын чегинде иш алып барышын каалайм», деген сөздөрдү колдонгон Мио Нюнт, өзүнүн дагы камакка алынышын күтүп жаткандыгын билдирген болчу.

Ошол эле учурда, Мьянмада, армия бийликти басып алып, жарандык мамлекеттик кызматкерлерди камакка алгандан кийин, башкаруучу партия элди төңкөрүшкө каршы турууга жана аскер диктатурасына кайтып келүүгө жол бербөөгө чакырды.

Анг Сан Су Чжи лидерлик кылган Улуттук демократиялык биримдиктин (NLD) Фейсбук баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө, армиянын аракети мыйзамсыз болгону, конституцияны жана элдин эркин эске албай тебелегендиги айтылган.



Тектеш кабарлар