Түшкү уйку акыл-эсти чыңдайт

Изилдөөнүн алкагында 2200 адамга байкоо салынды.

1572402
Түшкү уйку акыл-эсти чыңдайт

Юнайтед Пресс Интернешнлдин (UPI) маалыматына караганда, Кытайдын Шанхай шаарындагы Психикалык ден-соолук борборунун илимпоздору түшкү уйкунун акылга тийгизген таасирин иликтөө үчүн изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөөнүн алкагында Пекин, Шанхай жана Сиань шаарларынан келген 2200 адамга байкоо салынды.

1 миң 520 катышуучу түшкү маал 2 сааттан аз уктаса, 680 адам уктаган жок.

Андан соң катышуучулар визуалдык-мейкиндиктик көндүмдөр, кыска мөөнөттүү эс тутум, көңүл буруу мөөнөтү, теңдеме чыгаруу, мейкиндиктик маалымдуулук жана оозеки эркин сүйлөө сыяктуу акыл компетенттүүлүгү боюнча тестирлөөдөн өтүштү.

Изилдөө тобунун жетекчиси др. Лин Сундун айтымында, түшкүсүн уктагандардын эс тутумунда жана оозеки эркин сүйлөө көндүмдөрүндө уктабагандарга салыштырмалуу бир топ айырмачылыктар бар.

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Lenox Hill ооруканасынын невропатологу др. Гаятри Деви болсо убагында уктоо адаттарынын акыл-эссиздиктен сактай турганын белгилеп, бул темада дагы көбүрөөк изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн сунуш кылды.

Адистер ошондой эле түшкү уйкунун мөөнөтүнүн жана жыштыгынын акыл-эс жөндөмү жагынан маанилүү болушу мүмкүн экендигин белгилешти.



Тектеш кабарлар