Йеллен АКШнын биринчи аял казына министри болду

Бир тараптан Йелленди Казына министрлигинин кызматында жеке катчы катары түрк тектүү Дидем Нишанжы коштойт.

1571201
Йеллен АКШнын биринчи аял казына министри болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Сенаты, АКШнын президент Жо Байден тарабынан Казына башчылыгына көрсөтүлгөн АКШнын Борбордук банкынын мурунку жетекчиси Жанет Йелленге макулдук берди.

Сенаттын Башкы Ассамблеясында өткөрүлгөн добуш берүүдө 84 сенатор Йеллендин Казына министри болушуна "макул", 15 сенатор "жок" деп добуш беришти.

Ушундайча Йеллен АКШнын тарыхында Казына министрлигинин кызматын ээлеген биринчи аял болуп калды.

Йеллен жума күнү да АКШ Сенатынын Каржы комитетинен да макулдук алган болчу.

Бир тараптан Йелленди Казына министрлигинин кызматында жеке катчы катары түрк тектүү Дидем Нишанжы коштойт.



Тектеш кабарлар