Францияда качкындар сууктан коргонуу үчүн бир мектепке калкалашты
Франциянын борбор шаары Парижде сууктан коргонуу үчүн бир мектепке кирген качкындар туруктуу баш калкалоочу жерлерге алып барылды.
Франциянын борбор шаары Парижде сууктан коргонуу үчүн бир мектепке кирген качкындар туруктуу баш калкалоочу жерлерге алып барылды.
Гуманитардык жардам жана жарандык коом уюмдарынын Париждин 16 - аймагындагы Эрлангер проспектисинде пайдалануудан чыккан мектепке баш калкалаган качкындарды күн тартибине алып келишинен кийин Париж муниципалитети аракетке өттү. Муниципалитет качкындарды оболу эки спорт залына андан кийин кечки сааттарда туруктуу баш калкалоочу жерге алып барды.
Утопия 56 аттуу гуманитардык жардам мекемеси качкындарды күн тартибине алып келген жана Париш губернаторлугуна негизги мыйзамдарга сый көрсөтүү менен качкындарды кабыл алуу саясатын ишке киргизүүгө чакырган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.