Иракта болгон кол салууну аткарган 2 кишинин Ирак жараны экендиги билдирилди

Борбор шаар Багдатта да 21 -  январда бир базарга жасалган кол салууда 32 киши каза болуп, 110 киши жараланган.

1570438
Иракта болгон кол салууну аткарган 2 кишинин Ирак жараны экендиги билдирилди

Ирак армиясы  21 -  январда Багдатта болгон жана 32 кишинин каза болушуна себеп болгон жан кечтилик кол салууларды ишке ашырган 2 кишинин Ирак жараны экендигин жарыялады.

Куралдуу күчтөр боюнча командирликтин катчысы Яхя Ресул  мамлекеттик телекөрсөтүүгө берген маалыматында Багдаттын борбору Таяран аянтында  эски буюмдар сатылган  базарга жасалган кол салуу тууралуу маалыматтарды бөлүштү.

«Коопсуздук күчтөрүнүн кол салуу тууралуу алган маалыматтары кол салган кишилердин ирактык экендигин көрсөтүүдө»,- деген Ресул соцтармактан жан кечтилик кол салуучуларынын бирөөсүнүн сауд арабиялык экендиги тууралуу фотографиялардын таркагандыгын бирок бул кишинин мындан мурда өлкөсүндөгү жан кечтилик кол салууда денесине жабыштырылган бомбаны жардырып каза болгонун айтты.

Борбор шаар Багдатта да 21 -  январда бир базарга жасалган кол салууда 32 киши каза болуп, 110 киши жараланган. Кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алган.



Тектеш кабарлар