Өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди

Стефан Дюжаррик "Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин" жума күндөн тарта күчүнө киргенин билдирди.

1569449
Өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим болгон "Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин" күчүнө киргенин жарыялады.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик "Ядролук куралдарга тыюу салуу келишиминин" (TPNW) жума күндөн тарта күчүнө киргенин билдирди.

БУУ тарабынан 2017-жылдын 20-сентябрында кол коюуга ачылган келишим үчүн 50 өлкөдөн эч кандай шартта өзөктүк курал жасабоо, сынабоо, өндүрбөө, сатып албоо жана камдабоо милдеттенмеси талап кылынган.

Гондурас, 2020-жылы 24-октябрда келишимге кол койгон 50-өлкө болду. Гондурастын бекитүүсүнөн 90 күн өткөндөн кийин өзөктүк куралдарга тыюу салган биринчи эл аралык келишим күчүнө кирди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Россия жана Кытай сыяктуу өзөктүк күчкө ээ өлкөлөрдүн каршылыгына карабастан бүткүл дүйнөдө өзөктүк куралдарды жок кылууга жана жаңыларына тыюу салууга багытталган Өзөктүк куралдарга тыюу салуу келишими, 2017-жылдын 7-июлунда 193 мүчөлүү БУУнун Башкы Ассамблеясында 122 мамлекеттин макулдугу менен кабыл алынган.

2017-жылдын 20-сентябрында кол коюуга ачылган келишимге ушул кезге чейин 84 өлкө кол койгон болсо, келишимге кол койгон өлкөлөрдөн 50сү эч кандай шартта өзөктүк курал же берки өзөктүк жарылуучу түзүлүштөрдү иштеп чыкпоо, сынабоо, өндүрбөө, сатып албоо же камдабоо боюнча убада беришти.

Өзөктүк куралга ээ АКШ, Россия, Британия, Кытай, Франция, Индия, Пакистан, Түндүк Корея жана Израиль келишимге кол койгон жок.



Тектеш кабарлар