Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1568102
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 83 миңден ашты. Ооруга чалдыккандардын саны 97 миллион 317 миңден, ал эми айыккандардын саны 69 миллион 867 миңден ашты.

Индияда пандемиядан улам көз жумган адамдардын саны 152 миң 906га, жуктургандардын саны болсо 10 миллион 611 миң 719га жетти.

Африка континентинде вирустун айынан көз жумгандардын саны 81 миң 861ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 352 миң 823кө жогорулады. Континентте каза болгондордун жана жуктургандардын саны эң көп Түштүк Африка, Марокко, Тунис жана Египетте катталды.

Кээ бир берки өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Россия (67 миң 220), Иран (57 миң 57), Түштүк Африка (38 миң 854), Индонезия (26 миң 857), Ирак (12 миң 968), Пакистан (11 миң 157)



Тектеш кабарлар