Түштүк Кореяда куш тумоосу

Йонгин шаарында бир фермада куш тумоосун козгогон "H5N8" вирусу байкалганын жарыяланды.

1567423
Түштүк Кореяда куш тумоосу

Түштүк Кореядагы тоок фермаларында жаңы куш тумоосу аныкталды.

Бул октябрь айынан бери өлкөдөгү 67 - окуя болду.

Йонхаптын кабарына ылайык, айыл чарба, азык-түлүк жана айылдык иштер министрлиги борбор шаар Сеулдун түштүгүндөгү Йонгин шаарында бир фермада куш тумоосун козгогон "H5N8" вирусу байкалганын жарыялады.

Министрлик окуяга байланыштуу фермадагы бардык тоокторду жок кылууга жана фермадан 10 чакырым алыстыктагы башка чарбаларда 30 күндүк карантин жарыялоого буйрук берди.

Йонгин шаары жайгашкан Кёнги провинциясынын башка бардык шаарларындагы чарбаларда 7 күндүк карантинди киргизүү чечими кабыл алынды.



Тектеш кабарлар