Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Коронавирустан каза болгондордун саны дагы деле арбын.

1567310
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2 миллион 68 974төн жогорулады. Вирус жугузгандардын саны 96  миллион 750 000, айыккандардын саны 69 миллион 437 000 болду. 

Индияда вирустан улам каза болгондордун саны 152 754кө жетти.  Өлкөдө бейтап саны 10 миллион 596 442ге жетти. Премьер  - министр Нарендра Моди бүгүн өлкөсүнүн Бутан, Мальдивлер, Бангладеш, Непал, Мьянма жана Сейшеллдер сыяктуу өлкөлөргө Ковид  - 19 вакцинасын жибере баштай тургандыгын билдирди. Өлкөдө 16 -  январда башталган Ковид  - 19 вакцина кампаниясынын негизинде 454049 киши эмделди. Вакцина алган ар бир 10 000 кишиден 18зинде тескери таасир жараткандыгы белгиленип, ар бир 100 000 кишиден бир гана 2 кишиде тескери таасир жаратып ооруканага жатууга мажбур болду.

Ирандан Ковид  - 19 эпидемиясынан 24 саатта 84 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 57057 болду. Өлкөдө вирус жугузган киши саны ошол эле убакытта 6 182ге көбөйүп 1 миллион 348 316га жетти. 

Ушул күнгө чейин Кытайда вирустан улам 4 635 киши каза болуп, 88 557 кишинин вирус жуктурганы белгиленди. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматка караганда Кытайда 24 сааттын ичинде  103 кишиде вирус аныкталган. Алардын ичинен 15 киши өлкө тышынан келген. Өлкө ичиндеги бейтаптардын 46сы Жилин, 19зу Хыбэй, 16сы Хейлонгжианг аймактарында, 7 бейтап да борбор Пекинде.

Түштүк Корея ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунан берилген маалыматка караганда акыркы 24 саатта 17 кишинин каза болушу менен вирустан каза болгондордун саны 1300 болду. Өлкөдө бир күндө 404 бейтап такталды алардын ичине 31 киши өлкө тышынан келген. Жалпы бейтап саны 73 518ге жетти. Борбор шаар Сеул жана айланасындагы аймактагы чектөөлөр 31 -  январга чейин узартылды.

Японияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 104кө көбөйүп 4 700гө, бейтап саны да 5 320га өсүп 341 493кө жогорулады. Премьер  - министр Суга Йошихиде жалпы өлкөдө коронавирус бейтаптарынын күнүмдүк саны биринчи жолу 100дөн ашуусунан улам бейтаптардын санынын көбөйүшүндө 30 жашка чейинки  адамдардын «аң  - сезимсиздигине» көңүлдөрдү бурду. Ошол эле учурда Японияда кабинеттин башкы секретары Като Катсунобу июль айынын акырында өткөрүлүшү күтүлгөн Токио олимпиадалары жана паралимпик оюндарында Ковид  - 19  вакцинасынын алдыңкы шарт катары коюлбашы мүмкүн экендигин айтты.

Эпидемиядан улам 4 142 киши каза болгон Израилде бейтап саны 570085 болду. Өлкөдө өлкө тышынан кайткандарга эң көп 72 саат мурда алынган негатив ПЦР тестин көрсөтүү шарты киргизилди. Эртең акырына чыга турган Ковид  - 19  карантинин 10 күнгө узартуу чечими чыгарылды.  Бир тараптан Адам укуктарын иликтөө уюму Израилди басып алынган жерлерде жашаган палестиналыктарга Ковид  - 19  вакцинасын берүүгө чакырды.

Бириккен Араб Эмираттарында акыркы 1 күндө 6 киши коронавиурстан каза болду. Жалпы каза болгондордун саны  762ге жетти. Бир күндө 3506 Ковид  -1- бейтабы менен күнүмдүк эң жогорку бейтап саны катталган өклөдө вирус жугузгандардын жалпы саны 263 729ге жогорулады. 

Башка өлкөдөрдө Ковид – 19дан каза болгондордун саны төмөнкүдөй болду : Россияда 66 623, Иранда 56 973, Түштүк Африкада 38 288, Индонезияда 26 590, Иракта 12 962 жана Пакистанда 11 103.



Тектеш кабарлар