Йеменде кандуу кагылышуу болду...

Бул тууралуу Йемен армиясынын Амалика бригадаларынын өкүлү Мамун аль-Мехчеми жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.

1565598
Йеменде кандуу кагылышуу болду...

Йемендин батыш тарабындагы Худейде шаарында өкмөттүк аскерлер менен хуситтердин кагылышуусунан эки аскер жана 40 согушкер каза болду.

Йемен армиясынын Амалика бригадаларынын өкүлү Мамун аль-Мехчеми жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, хуси куралдуу топтору Худейденин түштүгүндө өкмөттүк күчтөрдүн алдыңкы чектерин тешип өтүүгө аракет кылып жатышкандарын билдирди.

Билдирүүдө хуситтер менен болгон кагылышууда 40 согушкер өлтүрүлүп, 55и жаракат алганы, өкмөттүк күчтөрдөн 2 аскер курман болуп, 10у жаракат алганы белгиленди.

Хуситтердин Худейде фронтторундагы чыңалууну күчөтүү максатында кол салуулары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) шаарда тынчтык орнотуу боюнча иштерин начарлатууда.



Тектеш кабарлар