Алексей Навальный камоого алынды

Россиялык оппозициячыл Алексей Навальный Германиядан кайтаары менен Москвада аэропортто камоого алынды.

1565575
Алексей Навальный камоого алынды

Россиялык оппозициячыл Алексей Навальный Германиядан кайтаары менен Москвада аэропортто камоого алынды.

Берлинден Алексей Навальный учуп келген учак аба шарттарына байланыштуу Москвадагы Внуково аэропортунун ордуна Шереметьево аэропортуна конду. Навальный, жубайы Юлия Навальная жана коштоосундагы журналисттер менен аэропортто паспорт текшерүү жерине кирди.

Полиция бул жерден Навальныйды камоого алды. Адвокаты Ольга Михайлованын Навальныйдын жанында болушуна уруксат берилген жок.

Россиянын федералдык түрмөлөр кызматы тарабынан берилген билдирүүдө, 2020 - жылдын 29  - декабрынан бери сыноо мөөнөтүн бир нече жолу бузгандыгы үчүн изделип жаткан Алексей Навальный Шереметьево аэропортунда кармалганы маалымдалды.

Навальный үчүн кошумча чаралар сот тарабынан белгиленет. Орус оппозициячыл чечим чыкканга чейин камоодо болот. Ошол эле учурда Европа Биримдиги Кеңшинин төрагасы Шарль Мишель Навальныйдын камоого алынышын «кабыл алынгыс» деди.

Мишель бул тууралуу өзүнүн социалдык медиа эсебинен билдирип : "Мен орус бийлигин Навальныйды токтоосуз бошотууга чакырам",- деди.

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борелл да соцтармактан берген маалыматында Мишельдин чакыруусун кайталап, Навальныйдын укуктарына сый көрсөтүү керектигин белгиледи. Борелл : «Соттун саясатташтырылышы кабыл алынгыс»,- деди.

2020 - жылдын 20 - августунда Россиянын Томск шаарынан Москвага учкан Навальный учуу учурунда ден соолугунун начарлашы менен учак Омск шаарына келип конгон. Бул жерде ооруканага жаткырылган Навальныйдын чайына аралашкан зат менен ууланган деп айтылган. 44 жаштагы Навальный Омск шаарынан жеке учак менен Берлиндеги Шарит ооруканасына алып барылган.

Алексей Навальный 23 - сентябрда ооруканадан чыккан.



Тектеш кабарлар