Италиянын түштүгүндө үйлөр 1 кофе баасына сатылууда

Италиянын Сицилия аралындагы Троина шаарынын администрациясы кароосуз калган үйлөрдү 1 еврого сатууну сунуш кылды.

1564807
Италиянын түштүгүндө үйлөр 1 кофе баасына сатылууда

Италиянын Сицилия аралындагы Троина шаарынын администрациясы кароосуз калган үйлөрдү 1 еврого сатууну сунуш кылды.

CNNдин маалыматына ылайык, муниципалитет бул программа аркылуу шаарга жаңы жашоочуларды тартууну пландаштырууда.

Троинанын мэри Себастиано Фабио Венесия кароосуз калган үйлөрдү сатуу үчүн атайын көп тилдүү жумушчу топту жана кыймылсыз мүлк агенттигин уюштурган.

Муниципалитет ушул айдын аягында 30 турак жайды 1 евродон сатат.

Кийинчерээк муниципалитетке таандык болушу күтүлүп жаткан дагы 100 үйдү сатыкка коюу пландаштырылууда. Ошол эле учурда  сатыкка коюлган үйлөргө бир катар талаптар бар экени айтылды.

Троинадан үйдү 1 еврого сатып алган адам 5 000 евро депозит төлөп, үйдү оңдоосу керек.

Оңдоо үчүн үйдү сатып алган адамга 3 жыл берилет жана ушул мөөнөттө үйдү оңдосо, депозитти кайра ала алат.

Ошондой эле Троинадан үй сатып алгандарга акысыз бала бакча жана мектеп окуучулары үчүн акысыз транспорттук кызмат сыяктуу айрым жеңилдиктер берилет.

Мындан тышкары, жаңы үй ээлери алгачкы 3 жылда кыймылсыз мүлк жана тейлөө салыктарынан бошотулат. Сицилия аралындагы Неброди улуттук паркында 100 метр бийиктикте жайгашкан Троина шаары сонун панорамасынан улам "Сицилиянын балкону" деп аталат.



Тектеш кабарлар