АКШда 15 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды

Президент Дональд Трамптын тарапкерлери Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбору Вашингтондогу Конгресстин имаратына кирип баргандан кийин башталган окуяларда 4 киши каза болду.

1559025
АКШда 15 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды
abd beyaz saray gösteriler
000_8YA6XJ.jpg
abd gosteriler
ABD Kongre.2.jpg
ABD Kongre.7.jpg
ABD Kongre.1.jpg
ABD Kongre.8.jpg

Кечээ Президент Дональд Трамптын тарапкерлери Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбору Вашингтондогу Конгресстин имаратына кирип баргандан кийин башталган окуяларда 4 киши каза таап, көптөгөн киши жаракат алышты жана кеминде 52 адам кармалды.

Өлкөдө 15 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Борбор калаада демонстрацияга чыккан Трамптын айрым тарапкерлери полиция тосмосун бузуп, Конгресстин имаратына киришти.

Имаратка кирген демонстранттарга полиция көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Имараттагы кагылышуудан жаракат алган аял каза болду.

Вашингтондун полициясы Конгресстин имаратындагы окуялар учурунда жаракат алган аялды ал жаткан ооруканада куткарууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Каза болгон аялдын өздүгү тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок.

Вашингтондун полиция башчысы Роберт Конти дагы 3 адам каза болгонун жарыялады.

Каза болгондордун бири эркек, экөө аял экенин жана бул адамдар алар алып барылган чукул кырдаалдар кызматында каза болгон деп айткан полиция башчысы, сөз болуп жаткан адамдардын ким экендигин ачыктаган жок.

Конти ошондой эле окуяларда 14 полиция жеңил жаракат алганын жана кеминде 52 адам кармалганын билдирди.

Коопсуздук күчтөрү ошондой эле Конгресстин имаратынын жанынан жардыргыч заттар табылып, зыянсыздандырылганын жарыялады.

Бул окуялардан кийин Жо Байдендин президент болуп шайлануусу бекитиле турган Конгресстин сессиясы токтотулуп, сессияны жетектеген вице-президент Майк Пенс имараттан чыгарылды.

Бир аз убакыттан кийин жасаган билдирүүсүндө Пенс «Конгресстин имаратындагы окуяларды токтотууга» чакырып, зордук-зомбулукка жол берилбейт деп билдирди.

Андан соң сенаторлор имараттан чыгарылды.

Трамптын орун басары Майк Пенстин жумушчу тобун жетектеген Марк Шорттун Ак үйгө кирүүсүнө тыюу салгандыгы жарыяланды.

Шайланган президент Жо Байден маалымат жыйынын өткөрүп, «АКШ демократиясына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө» каршы чабуулдарды токтотууга чакырды.

Байден Трампты «Ал камералардын алдына барышы керек, курчоону токтотушу керек (жыйын имаратында)» деп чакырды.

Пенсильвания штатынын губернатору Том Вульф демонстранттардын борбор шаар Вашингтондогу Конгресстин имаратына киришин «төңкөрүш аракети» деп мүнөздөдү.

Бул окуялардан кийин Трамп Улуттук Гвардияга «Конгресстин имаратындагы окуяларга кийлигишүүнү» тапшырды.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо өзүнүн Твиттер-аккаунтунда, «Мен АКШнын Улуттук гвардиясынын суранычы менен Нью-Йорктон баш калаа Вашингтонго эки жумага 1000 улуттук гвардиячыны жөнөтүп жатам» деди.

Дональд Трамп социалдык тармактарда жасаган билдирүүсү менен демонстранттарды «тынчтыкты сактоого» чакырды.

Тирешүү күчөп кеткенден кийин, Дональд Трамп, «алар шайлоону бизден уурдап алышты, силер эми үйгө кетишиңер керек» деп видео жазуу менен бөлүштү.

Ал арада Твиттер АКШнын президенти Дональд Трамптын эрежелерди бузгандыгы үчүн үч билдирүүсүн өчүрдү. Твиттерде жарыяланган билдирүүдө, эгерде зордук-зомбулук жана эрежелерди бузуу коркунучу улана берсе, анда Трамптын эсеби токтотула турганы белгиленди. Трамптын аккаунттарына Facebook жана Instagram баракчаларынан 24 сааттык блокировка келди.

Президент Трамп окуялар башталганга чейин жасаган билдирүүсүндө, президенттик шайлоодогу жеңилүүсүн кабыл албай тургандыгын жана күрөштү токтотпой тургандыгын айткан.

Трамп, 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын бекитүү максаты менен уюштурулган Конгресс отуруму үчүн Вашингтондо чогулган колдоочуларына ок өткүс айнектин артынан кайрылып, «Демократтардын шайлоолорду бурмалаганы» жөнүндөгү айтымдарын уланткан.

Трамп шайлоолорду чындыгында жеңген өзү болгонун жактап, «Эч качан жеңилүүнү кабыл албаймын, тайсалдабаймын»,-деп айткан.

Бир тараптан Трамптын тарапкерлеринин 4 сааттык оккупациясы аяктагандан кийин тыныгуу алган Өкүлдөр палатасы кайрадан кызматына киришти.

Экинчи сессияда Пенсильванияга каршы кайрылуу четке кагылды.

Ассамблеянын мүчөлөрү менен катар сессияга вице-президент Пенс дагы катышты.

Добуш берүүдө Жо Байден шайлоодо алган 306 добуштун бардыгы катталды.

Ошентип, Жо Байден 2021-жылдын 20-январынан тарта АКШны төрт жыл башкара турган Президент болот.

Добуш бергенден кийин АКШнын вице-президенти Майк Пенс: «Жо Байден 20-январда АКШнын президенти кызматына киришет»,-деди.



Тектеш кабарлар