Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын ийгиликсиз болгондугун айтты

Дүйнөнүн түнт өлкөсү болгон Түндүк Кореяда бийликтеги Жумушчу партиясы 2016 - жылдан бери биринчи жолу чогулду.

1558574
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын ийгиликсиз болгондугун айтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дээрлик бардык тармактарда ийгиликсиз болгонун айтты.

Дүйнөнүн түнт өлкөсү болгон Түндүк Кореяда бийликтеги Жумушчу партиясы 2016 - жылдан бери биринчи жолу чогулду.

Сегизинчи жолу өткөрүлүп жаткан конгресстин Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байдендин расмий түрдө кызматка киришээрдин алдында чогулганы көңүлдү бурду.

Өлкөнүн лидери Ким Чен Ын курултайда сүйлөгөн сөзүндө экономикалык ийгиликсиздиктер жөнүндө сөз кылып жатып, дээрлик бардык тармактарда ийгиликсиз болгонун айтты.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бир дагы бейтаптын болбогону белгиленип, бирок АКШнын маалымат каражаттарынын акыркы жаңылыктарына караганда, ваакцина талап кылган өлкөдө конгресске катышкан 7 миң катышуучунун эч кимисинин  беткап кийбегендиги көңүлдөрдү бурду.

Конгресстин канча күнгө созулары билдирилбестен 2016 -  жылдагы акыркы конгресстин 4, 1980 -  жылдагынын 5, 1970 -  жылы да 12 күнгө созулгандыгы белгиленди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар