Си Цзиньпин армияга "согушка даяр туруу" буйругун берди

Цзиньпин: «Армиябыздын жоокерлери менен командирлери, кыйынчылыктардан жана өлүмдөн коркпостон согуштун рухун сактап калуулары керек»

1557752
Си Цзиньпин армияга "согушка даяр туруу" буйругун берди

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин армияга "толук кандуу согушка даярданууну улантууну" "согушка ар кандай учурда даяр турууну" тапшырды.

Sputnik агенттигинин кабарына караганда, Кытайдын Борбордук аскердик комиссиясын да жетектеген Цзиньпин, армиянын даярдыктарда технологияларды колдонуп, фронттук машыгууларды кыйла көбөйтүүсү керектигин айтты.

Цзиньпин ошондой эле заманбап технологияны "натыйжалуу согуштун өзөгү" деп мүнөздөп, армияга аскердик операцияларда жогорку технологияларды жана жаңы ыкмаларды кошуунун жолдорун издөөгө буйрук берди.

Цзиньпин: «Армиябыздын жоокерлери менен командирлери, кыйынчылыктардан жана өлүмдөн коркпостон согуштун рухун сактап калуулары керек»,- деди.

«South China Morning Post» гезитиндеги кабарга караганда, Цзиньпиндин буга чейинки сүйлөгөн сөздөрүнөн айырмаланып "чек ара фронту" жөнүндө айтканы, Тайвань жана Индия сыяктуу чек ара чыңалууларын да эске алганда көңүл буруучу.

Индия менен Гималай чек арасындагы тирешүү июнь айында индиялык 20 аскер курман болгон жана Пекин белгисиз сандагы жоготууларга учураган кандуу кагылышууга алып келген. Эки тараптын тең чыңалууну азайтуу боюнча убадаларына карабастан чек арадагы чыңалуу уланууда.



Тектеш кабарлар