Боливияда сел жүрдү

Сукреде 30 мүнөткө созулган катуу жамгырдан кийин көчөлөрдү суу каптады.

1557637
Боливияда сел жүрдү

Боливиянын борбор шаары Сукреде катуу жааган жамгырдан улам 4 адам каза болду.

Кечээ эртең менен Сукре шаарында башталган жана 30 мүнөткө созулган катуу жамгырдан кийин көчөлөрдү суу каптады.

Шаардагы ири базар Меркадо Кампесиного жакын көчөдө унаалар жана базардагы соода орундары сууга агып кетти.

Жергиликтүү ММКлардагы кабарларга караганда 4 адам каза болду.



Тектеш кабарлар