АКШнын «USS Nimitz» учак конуучу кемеси Жакынкы Чыгышта калат

АКШнын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө учак конуучу кемесин кызмат ордунда кармоону чечишкендиктерин жарыялады.

1556744
АКШнын «USS Nimitz» учак конуучу кемеси Жакынкы Чыгышта калат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги Ирандын ыктымалдуу кол салууларына кабылбаш үчүн аймактан чыгып кетүүнү жарыялаган «USS Nimitz» (Нимиц) учак конуучу кемесинин Жакынкы Чыгышта калуусун чечти.

АКШнын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө учак конуучу кемесин кызмат ордунда кармоону чечишкендиктерин жарыялады.

Миллер, өзүнүн билдирүүсүндө: «Ирандын лидерлеринин президент Дональд Трампка жана АКШнын башка расмий адамдарына карата коркутууларынан улам Нимицтин ырааттуу көчүүсүн токтотууга буйрук бердим. Нимиц АКШнын Борбордук күчтөрүнүн командачылыгынын аймагындагы операция аймагында калат»,-деп айтты.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) 31-декабрда жасаган билдирүүсүндө, аймактагы «USS Nimitz» учак конуучу кемесине Ирандын ыктымалдуу кол салууларына кабылбоо үчүн өлкөгө кайтып келүү буйругу берилгени кабарланган болчу.

АКШ, бир нече убакыттан бери Ирандагы Төңкөрүшчүл Сакчылар Кудс күчтөрүнүн командачысы генерал Касым Сулейманинин өлтүрүлгөн күнү болгон 3-январда Ирандын аймактагы күчтөрүнө кол салуу ыктымалдыгына каршы чараларды көрүп келет.

АКШ Касым Сулейманини 2020-жылы 3-январда Багдад аэропортуна конгондон кийин абадан сокку уруп өлтүргөн. Иран буга жооп иретинде ракеталар менен америкалык аскерлер турган Ирактын аскер базаларына кол салган болчу.



Тектеш кабарлар