Чыгыш өлкөлөрү Ковид-19 вирусун жайылтпоонун аракетин кылып жатышат

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 845 миң 140тан ашты.

1556490
Чыгыш өлкөлөрү Ковид-19 вирусун жайылтпоонун аракетин кылып жатышат
Korona 1.jpg
çin covid 2.jpg
cin china covid korona.JPG

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 845 миң 140тан ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 85 миллион 51 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 60 миллион 194 миңден ашты.

Индияда эпидемиядан улам каза тапкандар 149 миң 471ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 324 миң 631ге чейин көбөйдү. Өлкөдө коронавируска каршы Oxford-AstraZeneca тарабынан иштелип чыккан вакцина жана Индиянын Bharat Biotech компаниясы иштеп чыккан вакцина шашылыш түрдө колдонулушуна уруксат берилди.

Иранда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны акыркы суткада 102ге көбөйүп, 55 миң 540ка жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны да ушул эле мезгилде 5 миң 960ка көбөйүп, 1 миллион 243 миң 434кө жетти.

Россияда Ковид-19дан каза болгондордун саны бир күндө 504кө көбөйүп, 58 миң 506га жетти, ал эми жуктуруп алгандардын саны ошол эле мезгилде 24 миң 150гө көбөйүп, 3 млн 236 миңге жетти. Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 800 миңден ашуун адам коронавирустун жаңы түрүнө каршы «Sputnik V» (GamKovidVak) дарысы менен эмделгенин билдирди.

Японияда, борбор Токионун жана анын тегерегиндеги Сайтама, Чиба жана Канагава штаттарынын губернаторлору жуктурган учурлар көбөйгөндүктөн өкмөттү өзгөчө кырдаал киргизүүгө чакырышты. Японияда вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны 3 миң 585ке, ал эми жуктуруп алгандардын саны 242 миң 768ге жетти.

Кытайда ушул кезге чейин вирустун айынан 4 миң 634 адам каза болуп, 87 миң 117 учур катталды. Кытайдын материк аймагында акыркы 24 сааттын ичинде 24 жаңы коронавирус оорусу аныкталды, анын 8и өлкөдөн чыккан. Өлкөдө табылган оорулардын 4 учуру Хейлунцян провинциясында, 2си Ляонин провинциясында, бирөөсү борбор Пекинде жана бирөөсү Хибейде кездешкен. Акыркы 24 саатта вирустун айынан адам өүлүмү катталган жок.

Түштүк Кореяда бир күндө 20 адам каза болуп, адам өлүмү 962ге жеткен. Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 657 учур аныкталып, ооруну жуктургандардын саны 63 миң 244тү түздү.

Ковид-19дан адамдардын өлүмү Түштүк Африкада 29 миң 175, Индонезияда 22 миң 734, Иракта 12 миң 829 жана Пакистанда 10 миң 311 болгон.



Тектеш кабарлар