Римде фейерверктер жүздөгөн канаттуулардын өлүмүнө себеп болду

Социалдык тармактардагы көрүнүштөрдө Римдин көчөлөрүндө канаттуулардын өлүктөрү жаткандыгы көрүндү.

1555907
Римде фейерверктер жүздөгөн канаттуулардын өлүмүнө себеп болду

Италиянын борбор шаары Римде Жаңы жылды майрамдоо үчүн колдонулган фейерверктерден улам жүздөгөн канаттуулар кырылды.

Социалдык тармактардагы көрүнүштөрдө Римдин көчөлөрүндө канаттуулардын өлүктөрү жаткандыгы көрүндү.

Эл аралык жаныбарларды коргоо уюмунун (OIPA) өкүлү Лоредана Диглио канаттуулардын өлүмүнө бир нече себеп болушу мүмкүн деп билдирди.

Фейерверктердин жыл сайын үй жана жапайы жаныбарларга зыян келтирип, стресске алып келгенин айткан Диглио: «(фейерверктердин үнүнөн) Алар коркконунан өлгөн болушу мүмкүн. Бирге учуп бара жатып бири-бирин, терезелерди же электр зымдарын сүзүп алышы мүмкүн. Жүрөк оорусунан өлүшү мүмкүн экенин да унутпайлы»,- деди.



Тектеш кабарлар