ДСУ Pfizer-BioNTech вакцинасынын чукул колдонулушун бекитти

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУ коронавируска каршы Pfizer-BioNTech компаниясы чыгарган вакцинаны  чукул колдонууга уруксат берди.

1555702
ДСУ Pfizer-BioNTech вакцинасынын чукул колдонулушун бекитти

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУ коронавируска каршы Pfizer-BioNTech компаниясы чыгарган вакцинаны  чукул колдонууга уруксат берди.

Кытайдын Ухань шаарынан булагы белгисиз сырдуу бир оорунун аныкталгандыгы ДСУга билдирилгенден бир жылдан кийин ДСУдан маанилүү бир маалымат берилди.

2020 -  жылдын аякташына бир нече саат калганда ДСУдан берилген маалыматта Германияда түрк окумуштуу, профессор доктор Угур Шахин курган биотехнология фирмасы BioNTechтин Америка дары фирмасы Пфизердин кызматташуусунда иштеп чыккан Ковид  - 19  вакцинасынын чукул түрдө колдонулушун бекиткендиги билдирилди.

ДСУнун башкы дирекорунун орун басары доктор Мариангела Симао бул тууралуу берген маалыматта : «Бул Ковид  - 19  вакциналарына глобалдык жетишүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө карата оң бир кадам»,- деди. Симао дүйнөдө муктаж болгон бардык өлкөлөргө вакциналардын бирдей таратылышы үчүн глобалдык аракетке муктаждыктын бар экендигин баса белгиледи.

ДСУ жана өнөктөштөрүнүн коопсуздук жана иш чара стандарттарына жетишкен башка вакциналарды карап чыгуу үчүн күнү – түнү иштеп жаткандыгын белгилеген Симао эпидемияны акырына чыгаруу үчүн бардык өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоонун турмуштук мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Pfizer жана BioNTech компаниялары АКШ, Европа Биримди, Улуу Британия, Канада жана Япония менен вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн.

АКШ өкмөтү талапкер вакцина ийгиликтүү болсо, 100 миллион доза вакцина сатып алуу үчүн 1,95 миллиард доллар төлөөгө милдеттенсе, Европа Биримдиги 300 миллион дозаны, Улуу Британия 40 миллион дозасын, Канада 20 миллион дозасын, Жапония 120 миллион дозасын сатып алуу боюнча алдын - ала келишим түзүп кол койгон.  

Компания 2021 - жылдын аягына чейин болжол менен 1,3 миллиард доза вакцина чыгарууну пландаштырууда.



Тектеш кабарлар