СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнү тооруп алды.

1555174
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 812 миң 430 адамды түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 83 миллион 90 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 58 миллион 880 миңден ашты.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) акыркы сутканын ичинде вирустун айынан 3 миң 700дөн ашуун адам каза болуп жалпы сан 350 миң 778, ал эми жуктуруп алгандардын саны 20 миллион 216 миң 991ге жетти. Ал арада Американын педиатрия академиясы жана балдар ооруканалары ассоциациясы 24-декабрга карата 18 жашка чейинки курактагы 178 миңден ашуун жаңы учур катталгандыгын, өлкө боюнча вирусту жуктурган балдардын саны 2 миллиондон ашканын билдирди.

Британияда акыркы 24 саатта вирустун кесепетинен 981 адам көз жумду, бул "апрель айынан берки эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч болду"; ушундайча каза тапкандардын жалпы саны 72 миң 548ге жетти. 50 миң 23 жаңы учур менен бирге илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 432 миң 888ди түздү.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 304 адам каза болуп, жалпы сан 64 миң 381ге жогорулады. Ушул эле мезгилде өлкөдө 26 миң 457 жаңы Ковид-19 учуру катталса, бул ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 600 миң 498 болду.

Испанияда пандемиянын айынан каза болгондордун саны 247ге көбөйүп жалпы 50 миң 689 деп катталды. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны болсо ушул эле мезгилде 16 миң 716га көбөйүп, 1 миллион 921 миң 115ке жетти.

Пандемиядан каза болгондордун саны 15 миңден ашып, жуктургандардын саны 572 миң 982ди түзгөн Канадада өлкөгө учкан бардык жүргүнчүлөрдөн ПЦР анализи талап кылынаары билдирилди.

Айрым берки өлкөлөрдө Ковид-19дан каз болгондордун саны төмөнкүчө:

"Бразилия (193 миң 940), Мексика (124 миң 897), Италия (73 миң 604), Аргентина (43 миң 163), Колумбия (42 миң 909), Перу (37 миң 621), Германия (33 миң 172), Польша (28 миң 19), Бельгия (19 миң 441), Украина (18 миң 324), Чили (16 миң 499), Румыния (15 миң 596), Эквадор (14 миң 23), Чехия (11 миң 429) жана Нидерландия (11 миң 324).



Тектеш кабарлар