Самоа, Кирибати, Жаңы Зеландия жана Фижи жаңы жылга кирди

Австралия Түркия убактысы боюнча саат 16.00дө 2021-жылга кирет.

1555374
Самоа, Кирибати, Жаңы Зеландия жана Фижи жаңы жылга кирди

Дүйнөдө жаңы жылды эң биринчи Самоа жана Кирибатидеги Киритимати аралы (Christmas аралы) тосуп алды.

Аралдар, Түркия убактысы боюнча саат 13.00дө 2021-жылга кирди.

Кирибати менен Самоадан кийин Жаңы Зеландия жана Фижи дагы жаңы жылга саат 14.00дө киришти.

2021-жыл Жаңы Зеландиянын Окленд жана Веллингтон шаарларында фейерверктер менен тосулуп алынды.

Окленддеги Sky Tower мунарасы жаңы жылдык шоу менен жарыктандырылды.

Веллингтон шаарындагы порттун аймагында да иш-чаралар өткөрүлдү.

Жаңы Зеландия менен Фижиден кийин Австралия Түркия убактысы боюнча саат 16.00дө 2021-жылга кирет.

Ал эми Түштүк Тынч океанындагы Америка Самоасы 2021-жылга эң акыркы болуп кирет.


Этикеткалар: #жаңы жылдык , #2021-жылга

Тектеш кабарлар