Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Индияда Ковид  - 19дан каза болгон 148 475 болду.  Өлкөдө вирус жугузган киши саны да 10 миллион 245 326 болуп катталды.

1554570
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 миллион 800дөн   жогорулады. Бейтап саны 82 миллион 478 000, айыккандардын саны 58 миллион 505 000ден ашты.

Индияда  Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны   148 503 болду.  Өлкөдө вирус жугузган киши саны да 10 миллион 251 594 болуп катталды.

Эпидемияда 4 634  киши каза болуп, 87 03 бейтап катталган Кытайда Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө Ковид  - 19дун өткөн жылы Уханда биринчи жолу чыкканда жарым миллион кишиге жугушу мүмкүн экендиги ортого салынды.

Уханда 23 -  январдан тарта бардык учак каттамдары, поезд жана автобус каттамдары  токтотулуп, авто жолдор жабылган. 76 күнгө созулган изоляцияда шаар тургундарынын маркеттерден муктаждыктарын камсыздоосуна да уруксат берилген эмес. Бир тараптан дүйнөгө белгилүү кытайлык пианист Фу Сонг коронавирустун айынан 86 жашында каза болду.

Түштүк Кореяда акыркы 24 саатта 20 киши каза болуп, вирустан каза болгондордун жалпы саны 879га жетти. Ошол эле убакытта 1050 жаңы учур катталган өлкөдө вирус жугузган киши саны да 59 773кө жогорулады. Күнүмдүк бейтап саны эки күндөн бери 1000ден ашуун болгон өлкөдө чаралар көрүлүүдө.

Алжирде Ковид  - 19дан улам 2 745 киши каза болуп, 98 988 киши вирус жуктурган.  Президент Абдулмежид Беттун эки айдан бери коронавирустан улам дарыланып жаткан Германиядан өлкөсүнө кайтты.

Айрым өлкөлөрдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны төмөнкүдөй болду : Түштүк Африкада 27 568, Индонезияда 21 703, Иракта 12 800, Пакистанда 10 047.



Тектеш кабарлар