Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1554408
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid SPR ölüm.jpg
covid test.jpg
super covid19.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 799 миң 600дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 82 миллион 449 миңден, айыгып чыккандардын саны 58 миллион 459 миңден ашты.

346 миң 579дан ашуун адам каза болуп, 20 миллиондой учур катталган пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) дүйшөмбү күнү Ковид-19дан улам ооруканаларга жаткырылгандардын саны 121 миң 235ти түздү. Буга чейин көрүлгөн эң жогорку деңгээл деп айтылган бул сандын 22 миң 592си реанимация бөлүмдөрүндө жаткандар түзсө, 2-декабрдан бери ооруканаларда дарыланып жаткан Ковид-19 бейтаптарынын саны 100 миңден түшкөн жок. Экинчи жагынан, Ковид-19дун мутацияланган түрүнө кабылган Колорадо штатындагы 20 жаштагы эркек бейтап АКШда биринчи катталган учур болду. Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланган Жо Байден президент Дональд Трампка эмделүүнү сунуштады. Каржы министри Стивен Мнучин, Ковид-19 эпидемиясына карата экономикалык колдоо пакетиндеги 600 долларлык акчалай жардамды бөлүштүрүү АКШнын жергиликтүү убактысы боюнча шейшемби күнү кечинде башталаарын билдирди.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 388 адам каза болуп жалпы 64 миң 78ге жетти. Коронавирустун жаңы 11 миң 395 учуру аныкталган өлкөдө, аны жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 574 миң 41ге жетти.

Британияда акыркы бир күндө 414 адам көз жумуп каза болгондордун жалпы саны 71 миң 567ге жетти. Өлкөдө ушул эле мезгилде коронавирустун 53 миң 135 жаңы учуру катталып жуктургандардын жалпы саны 2 миллион 382 миң 865ти түздү.

Испанияда акыркы бир күндө 320 адам каза болуп жалпы сан 50 миң 442ге жетти. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 1 миллион 893 миң 502ге көбөйдү.

Ковид-19дан 1 миң 226 өлүм жана 158 миң 447 учур катталган Данияда премьер-министр Метте Фредериксен Ковид-19 чектөөсү дагы 14 күнгө узартылганын жарыялады. Буга ылайык, 2021-жылдын 3-январында бүтө турган чектөөлөр 17-январга чейин уланат.

Акыркы 24 саатта коронавирустун айынан Бразилияда 1111, Мексикада 990, Аргентинада 151, Колумбияда 246 жана Перуда 49 адам көз жумду. Бул маалыматтар менен Бразилияда жалпы 192 миң 716, Мексикада 123 миң 845, Аргентинада 43 миң 18, Колумбияда 42 миң 620 жана Перуда 37 миң 574 адам каза болду.

Айрым берки өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө:

“Италия (73 миң 29), Польша (27 миң 454), Украина (18 миң 324), Румыния (15 миң 469), Канада (15 миң 378), Эквадор (14 миң 1), Чехия (11 миң 429) жана Нидерландия (11 миң 212).



Тектеш кабарлар