Вакцинага каршы кишилерге учагы менен шприцтин сүрөтүн тартты

20 жаштагы учкуч Сами Крамер долбоору үчүн оболу шприц формасын ала турган багытын белгиледи.

1553173
Вакцинага каршы кишилерге учагы менен шприцтин сүрөтүн тартты

Германияда бир жаш учкуч Европада эмдөө кампаниясы башталган мезгилде вакцинага каршы чыккандарга карата учагы менен асманда шприцтин сүрөтүн тартты.

20 жаштагы учкуч Сами Крамер долбоору үчүн оболу шприц формасын ала турган багытын белгиледи. Өлкөнүн түштүгүндө 200 километрдик учушун аяктаган учкучтун шприц формасындагы багытын глобалдык учуу маалыматтары чогултулган flightradar24 сайтынан көрүүгө болот.

Ройтерска маалымат берген Крамер : «Азыркы учурда вакцинага каршы болгон көп сандаган киши бар. Мен да жасаган ишим менен балким аларга бул тууралуу кайрадан ойлонууларына мүмкүнчүлүк түздүм болуш керек»,- деди.

Жаш учкуч авиация секторуна эпидемиядан улам оор сокку урулгандыгын да эске салып, адамдарды жүзүн бир аз жылмайтууну каалагандыгын да сөздөрүнө кошту.

Германияда жекшемби күнү башталган вакцина кампаниясынан бир күн мурда бир картаңдар үйүндө калган 101 жаштагы Эдит Квоизалла өлкөдө вакцина алган биринчи киши болгон. Федералдык өкмөт жалпы өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелерине бул жылдын акырына чейин 1, 3 миллион доза таркатууну максат кылууда. 

 



Тектеш кабарлар